Жапырт кармалган саясатчылардын сотуна жакындары киргизилген жок

Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков. 15-январь, 2026-жыл. Биринчи май райондук соту.

15-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын ишин кароо уланды.

Жараян жабык өтүүдө. Сот залына айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок.

Айыпталуучулардын бири – саясатчы Темирлан Султанбеков 10-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу абактан президент Садыр Жапаровго кайрылып, сотту ачык өткөрүүнү суранган. Ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, учурда камакта отурган Кадырбек Атамбаев да ушундай эле мааниде кайрылуу жасаган.

Иш боюнча соттук кароо 14-июлда башталган. Отурум ал күнү жылып кетип, 28-июлда айыпталуучуларга айыптоо актысы окулган. Жараян ошондон бери жабык өтүп келет.

2025-жылдын 22-ноябрында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган. Бир нече адамдын үйү тинтилип, камакка алынган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Кармалгандардын ичинен Темирлан Султанбековго, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.

Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган, Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевди башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган. Айыпталуучулардын калгандары камакта. (ErN\DSh)

Дагы караңыз

ТИМ QazETA системасын кыргыз жарандары азырынча колдонбой турганын билдирдиБашкы прокуратура Ташиевдин адвокатынын судьяларга каршы арызын карап баштады"75чилер каты": Башкы прокуратура Ташиевдин адвокатынын арызын кароого кириштиКыргызстанда казак медицинасынын күндөрү өтөт