Таштандыны өрттөп же ар кайсы жерге калтыргандар коомдук жумуштарга тартылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-сентябрда, "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, калктуу конуштарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуп, таштандыны атайын белгиленбеген жерге таштагандарга жоопкерчилик күчөтүлөт.

Муну менен катар таштандыны үйүп таштап кеткендер же өрттөгөндөргө, суу чарба курулмаларын бузгандарга айып пул салынат, ага альтернатива катары эреже бузгандар коомдук жумуштарга тартылат. Айып пулдун суммасы жеке жактарга минималдуу 3 миң, ишканалар болсо 13 миң сом деп белгиленген. Эгер бул аракет кайра кайталанса үч-төрт күндүк коомдук жумуштарга тартылат.

Таштандынын түрүнө карап айып пулдун суммасы дагы өсөрү, 65 миң сомго чейин жетери белгиленген.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаада, таштандыны чогултуу жана кайра иштетүү маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Буга чейин маселени чечүү үчүн эл аралык донорлор берген миллиондогон долларлык каражаттын кайсы бир бөлүгү уурдалганы, жемкорлукка айыпталган жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголгону, алардын айрымдарына издөө жарыяланганы маалымдалган.

Өзгөчө Бишкекти күз-кыш кара түтүн каптап, ыш маселеси көңүл борборунда болуп келет. Активисттер ыштан арылуу үчүн таштанды, күзгү жалбырактарды өрттөбөөгө калкты чакырып келет. (КЕ)

Дагы караңыз

Баткенде чек ара окуяларында курман болгондор эскерилдиАламүдүндө 900дөй бала билим алган мектеп онлайн окуп жатканы айтылдыУкраинада Орусиянын дрон соккусунан кеминде беш адам каза болдуЖогорку Кеңеште Орусияда реестрге түшкөн мигрант балдар маселеси айтылды