16-сентябрь саат 1:41 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 167-чакырымында болгон жол кырсыгынан алты адам мүрт кетип, дагы үч киши жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Алдын-ала маалыматка караганда, Hyundai Sonata үлгүсүндөгү машиненин 34 жаштагы айдоочусу (А. уулу А.) Бишкек-Ош жолунун 167-чакырымында түштүктөн түндүктү көздөй баратып, уйкусу келип көзү илинип кетип (машинедеги жүргүнчүнүн айтымында) карама каршы тилкеде келе жаткан Mercedes atego автоунаасын сол капталы менен сүрүп, анын артында өз жолу менен келе жаткан КИА К-7 машинеси менен сүзүшкөн.
Hyundai Sonata'нын айдоочусу кырсык болгон жерде мүрт кетсе, дагы бир жүргүнчү (М. А. М.) Суусамыр айыл аймагындагы ФАПка жеткирилгенден кийин каза болгон. Бул автоунаанын арткы орундугунда бараткан үч жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Андан тышкары КИА К-7 машинесинин айдоочусу жана төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мүрт кеткен.
1-сентябрда эле Бишкек - Ош автожолунда жол кырсыгынан алты адам каза болгон. Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.
Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)