АКШда Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн мыйзам кабыл алынды

Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп 18-сентябрда Орусиянын Украинага каршы согушуна байланыштуу санкцияларды күчөтүүнү караган мыйзамга кол койду. Документти маркум республичы сенатор Линдси Грэм иштеп чыгып, анын кабыл алынышына жигердүү көмөктөшкөн.

Мыйзам АКШ президентине Орусиянын мунайын жана газын эң көп сатып алган беш өлкөгө, ошондой эле энергетикалык санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөн беш мамлекетке карата 100 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизүүгө укук берет. Ошол эле учурда Орусиядан алган жаратылыш газынын үлүшү 15 пайыздан төмөн болгон жана бул импортту кыскартуу чараларын көрүп жаткан өлкөлөр үчүн өзгөчө шарттар каралган.

Документте ошондой эле орусиялык аткаминерлерге, банктарга, ишкерлерге жана санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонулат делген “көмүскө флотко” каршы чектөөлөр камтылган.

Мындан тышкары, АКШнын Иранга карата санкцияларынын мөөнөтү 2031-жылга чейин узартылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский мыйзамга кол койгону үчүн Трампка ыраазычылык билдирип, бул чечим Москвага басымды күчөтүп, согушту токтотууга көмөктөшөрүн белгиледи.

«Линдси Грэмдин мыйзамы» катары белгилүү болгон демилге алгач 2025-жылы сунушталган. Баштапкы вариантта Орусиянын товарларына жана анын энергоресурстарын сатып алган өлкөлөрдүн продукциясына 500 пайызга чейин бажы тарифи киргизүү каралгандыктан, аны айрымдар «тозоктой санкциялар» деп атап келишкен. Кийинчерээк тарифтердин өлчөмү 100 пайызга чейин төмөндөтүлгөн.

Мыйзамдын акыркы редакциясы АКШ президентине санкцияларды киргизүү же алып салуу боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берет. Конгресстеги демократтардын айрым өкүлдөрү мындай ыйгарым укуктарды ашыкча деп сындашса, документти колдогондор аны Вашингтондун Украинага колдоосунун маанилүү белгиси катары баалап жатышат.

Линдси Грэм мыйзам күчүнө киргенин көрө алган жок. Ал 2026-жылдын 11-июлунда каза болгон.

Дагы караңыз

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды Кыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын "кара тизмесин" түзөтСууга чөккөн баланы издөөдө курман болгон Казыбековдун үй-бүлөсүнө батир берилдиЖыл башынан бери "Сахароводон" 3,5 миңден ашык кыргыз жараны депортацияланды