18-сентябрда президент Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Юта штатына барды. “Ынтымак ордо” мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алганын билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышат.
Андан соң Нью-Йорк шаарына барып, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат. Ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн лидерлери жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган. 3-июнда БУУнун Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырган. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган эмес. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жеткен.
Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланды. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.
Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы. Курамында 15 мамлекет бар. Алардын бешөө - АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Улуу Британия туруктуу мүчөлөр болуп эсептелет жана вето укугуна ээ. (BTo)
Шерине