Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин баяндамасында айтылат. Аймактарга бөлүп караганда Чүй облусунда 99, Ош облусунда 75, Ысык-Көлдө 70 киши жол кырсыгынан каза тапкан. Калган облустарда 10-60 адамдан курмандыктар бар.

Соңку жылдары өлкөдө жол кырсыктары көп катталууда. 16-сентябрда эле Бишкек-Ош автожолунун 167-чакырымында алты адам мүрт кетип, дагы үч киши жаракат алган. 1-сентябрда ошол эле Бишкек-Ош автожолунда алты адамдын өмүрү кыйылган.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.

Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды АКШда Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн мыйзам кабыл алындыКыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын "кара тизмесин" түзөтСууга чөккөн баланы издөөдө курман болгон Казыбековдун үй-бүлөсүнө батир берилдиЖыл башынан бери "Сахароводон" 3,5 миңден ашык кыргыз жараны депортацияланды Чүй соту экс-прокурор Кубан Адыл уулу баш болгон 9 жаранды 13 жылга чейин кести