Бишкек хореографиялык окуу жайындагы абалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү

Бишкек хореографиялык окуу жайы.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайындагы кырдаалды териштирүү үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Министрлик комиссия түшкөн кайрылууларды жана айтылган жагдайларды толук карап, материалдарды изилдеп жатканын, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Жакында эле хореографиялык окуу жайдын азыркы жана мурдагы кызматкерлери акыркы учурда 14 кызматкер жумуштан алынганын айтып, жетекчилик аларга басым-кысым кылып жатканын билдирип чыгышкан.

Окуу жайдын директору Адилет Токтогазиев коюлган дооматтарды четке кагып, кызматкерлерге басым болбогонун айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Чаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза таптыКыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болдуПрезидент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды АКШда Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн мыйзам кабыл алындыКыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын "кара тизмесин" түзөтСууга чөккөн баланы издөөдө курман болгон Казыбековдун үй-бүлөсүнө батир берилдиЖыл башынан бери "Сахароводон" 3,5 миңден ашык кыргыз жараны депортацияланды Чүй соту экс-прокурор Кубан Адыл уулу баш болгон 9 жаранды 13 жылга чейин кести