Мурдагы министр Бообек Ажикеев эки айга камакка алынды

Бообек Ажикеев. Архив сүрөт.

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 18-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Аскер прокуратурасы мурдагы чиновникти 18-сентябрда кармап, ага “Байтик” метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик багытындагы имараттын мыйзамсыз курулушуна тиешеси бар деген айып койгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, сөз болуп жаткан объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү кагаздары жок, Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасына кирген аймакта, дарыядан беш метр аралыкта курулганы аныкталган. Андан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылып, бирок анын так суммасы берилген жок.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен кылмыш иши козголуп, Бообек Ажикеев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ала-Арча дарыясынын боюндагы “Байтик” станциясындагы курулуш тууралуу “Азаттык” жакында журналисттик иликтөө жарыялаган.

Анда мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура тергөө жүргүзүп, текшере баштаганы белгилүү болгон. Буга чейин “Кыргызгидрометтин” кызматкерлери Бообек Ажикеевдин тушунда “Байтик” станциясындагы курулуш “мыйзамсыз салынган” деп доомат койгон. “Кыргызгидрометтин” азыркы жетекчиси курулуштун документтери жок экенин айткан.

Бообек Ажикеев 2020-2026-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген. Анын адвокаты менен жакындары кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

АКШда Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн мыйзам кабыл алындыКыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын "кара тизмесин" түзөтАгартуу министри жаңы китептердин мазмуну боюнча комментарий бердиБишкек хореографиялык окуу жайындагы абалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдүЧаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза таптыКыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болдуПрезидент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды