Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Бишкек хореографиялык окуу жайындагы абалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү

Бишкек хореографиялык окуу жайы.
Бишкек хореографиялык окуу жайы.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайындагы кырдаалды териштирүү үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Министрлик комиссия түшкөн кайрылууларды жана айтылган жагдайларды толук карап, материалдарды изилдеп жатканын, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Жакында эле хореографиялык окуу жайдын азыркы жана мурдагы кызматкерлери акыркы учурда 14 кызматкер жумуштан алынганын айтып, жетекчилик аларга басым-кысым кылып жатканын билдирип чыгышкан.

Окуу жайдын директору Адилет Токтогазиев коюлган дооматтарды четке кагып, кызматкерлерге басым болбогонун айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG