Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Кыргызстандын туруктуу өкүлү Аяз Баетов коомдук башталышта Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди.
Ал 8-сентябрда БУУнун Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп бекитилген.
42 жаштагы Аяз Баетов буга чейин юстиция министрлигинде иштеп турганда президенттин көздөй кадрларынын бири болду. Анын “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстанга алууда салымы чоң болгонун Садыр Жапаров эки-үч курдай ачык айткан. 2025-жылы Аяз Баетовго мамлекеттик органдардагы бюрократияны жоюу боюнча милдет да жүктөлүп, вице-премьерликке тете укуктар берилген.
2026-жылы июнда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган. (BTo)