Чаткалда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун (Д.Р.) өлүмүнө шек саналып кармалган төрт өспүрүм, (К.Н.Ш., М.И.Д., С.Н.И. жана А.Т.А.) 19-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 18-сентябрда болгон. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, каза болгон 15 жаштагы өспүрүм (Д.Р.) Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармаган.

Каза болгон бала 9-класстын, ал эми шек саналып кармалган төрт өспүрүм 11-класстын окуучулары.

17-сентябрда эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болуп, 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылкы К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүүлөр 17-ноябрга чейин камалды. (BTo)

Дагы караңыз

ЖКнын дагы бир комитети “Жер кодексине” сунушталган өзгөртүүнү колдодуДүйнөлүк метеорология уюму: Борбор Азияда мөңгүлөр кескин азайып жатат Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо аяктадыАяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болдуЖаратылыш министрлиги мыйзамсыз аңчылык кылгандарга көп суммада айып салынарын эскерттиЗеленский менен Трамп телефондон сүйлөшүп, Нью-Йоркто жолугушууну макулдашты Мэр Бишкекте жол тыгынын чечүү боюнча Кытай компаниясы менен сүйлөштүАзия оюндары: Дастан Каныбек уулу ММА боюнча коло байге алды