"Интербилим" уюму Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 22-сентябрда Бишкекте уюштурган иш-чарада Оштогу сүрдүрүлгөн үйлөрдүн ээлеринин маселеси талкууланды. Талкууга БУУнун адам укуктары боюнча Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, ЖКнын депутаттары, юристтер, жарандык коомдун өкүлдөрү, журналистер катышты. Анда турак жайлары сүрдүрүлгөн жарандардын мыйзамдуу укугу сакталышы керектиги айтылды.
"Интербилим" коомдук уюмунун Ош облусундагы өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева "Азаттыкка" жол, парк жана башка инфраструктураны кеңейтүү, жакшыртуу максатында үйлөрү сүрдүрүлгөн жарандарга тиешелүү өлчөмдө кенемте да төлөнүп берилбей жатканын билдирди.
"Былтыр Ошто 1200 үй сүрүлдү деп эле коебуз. Бирок анын артында канча адамдын тагдыры жатканы тууралуу айтпайбыз. Жер кодексинде көрсөтүлгөн жерди тартып алуунун эрежеси кабыл алынмайынча ушундай укук бузуулар боло берет. Министрлер кабинетинин алкагында сүрдүрүү маалындагы эрежелерди тизмелеп, тартипке келтирүү зарыл", - деди Гүлгаакы Мамасалиева.
"Интербилим" уюму "снос" боюнча изилдөө жүргүзүп, андан карапайым жарандар запкы тартканын аныкташкан.
Ошто жолдорду кеңейтүү максатында "кызыл сызыктан" чыгып кеткен турак жайларды жана суу жээгине салынып калган курулуштарды бузуу иштери мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевдин учурунда башталган. Турак жайы буздурулгандарга шаардын түндүк-батыш тарабынан жер бөлүнүп, Эне-Сай конушу салынып баштаган. Аталган конуштагы үйлөр быйыл сентябрдын аягынан тартып, ээлерине берилерин азыркы мэр Жанарбек Акаев билдирген. (DSh/ZKo)