Бекешев Орунтаевди "майыптыгы барлардын арабасына отургузууну" сунуштады

Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевди майыптыгы бар адамдардын арабасына отургузуп, жаңы курулуп жаткан имараттарга, өтмөктөргө кое берүүнү сунуштады. Депутат бул тууралуу Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин 22-сентябрындагы отурумунда мамлекеттик бюджеттин отчету каралып жаткан учурда айтты.

"Бишкекти курулуш каптап кетти. Максатсыз, сапаты начар, ыңгайсыз курулуштар. Унаа токтотуучу жайлары жок, бардык жерде жол тыгындар. Курулуштун көптүгүнөн адамдар суусуз жашап жатышат. Майыптыгы бар адамдар мага келип атышат. ЦУМдун жанындагы жаңы өтмөктү ким кол коюп кабыл алды? Ким кол койду? Бул үчүн Нурдан Орунтаевди отургузуу керек. Түрмөгө эмес. Майыптыгы бар адамдардын арабасына отургузуп, ошол өтмөктөргө, жаңы имараттарга кое берүү керек. Жон териси менен сезсин, жүрө алат бекен? Мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнүп жатат, берилип жатат. Бирок эмнеге сапатына көңүл бурбайбыз? Мына, азыр китептердин сапатына да нааразылык чоң. Оор, боектору сапатсыз. Президент бөлгөн 7 млрд сомго да кандай китептер чыгат, али белгисиз".

Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкерлерди түрмөгө камоодон да пайда чыкпасын, аларды бюджеттин эсебинен багуу талап кылынарын белгиледи.

Отурумга катышып отурган министр Нурдан Орунтаев депутаттын сын пикирине жооп кылган жок.

Жогорку Кеңештин бир катар комитеттери 22-сентябрдагы жыйынында 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жѳнүндѳ өкмөттүн отчетун карады. Анда бюджеттин аткарылышын сынга алган пикирлер да айтылды. Өкмөттүн пенсияны, айлык акыларды көтөрүү аракетин инфляция, кымбатчылык жокко чыгарып жатканы да белгиленди. (ZKo)

Дагы караңыз

Казакстанда Элдик кеңештин курамы бекитилди Камактагы Кадырбек Атамбаев сот отурумуна алынып келген жокБылтыр “кустуризациядан” бюджетке 102 млрд сом түштү"Колуна темир кийип уруптур". Эки күндө мектепте эки өмүр үзүлдү Украинадагы согушта каза тапкан орусиялыктардын кеминде 260 миңинин тек-жайы аныкталды