Парламентте мектеп окуучуларынын өлүмү боюнча маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 23-сентябрдагы жалпы отурумунда мектеп окуучуларынын өлүмү боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Жайлообай Нышанов окуу жылы башталбай жатып Сузакта жана Чаткалда өспүрүм балдардын колунан эки окуучу бала каза болгонуна жергиликтүү бийликтин, күч органдарынын, билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын, мектеп директорлорунун жоопкерчилигин кароону талап кылды.

Дагы бир депутат Улукбек Карыбек уулу буллинг, чоңсунуу мектептердин эле эмес, системанын көйгөйү экенин айтып, аны мыйзам менен ооздуктоо сунушун киргизди.

"Окуу жылы башталбай жатып эки бала ур-токмоктон каза болду. 2024-жылы жети бала ур-токмоктон көз жумса, 70тен ашуун бала өз жанын кыйган. Бул Сузактагы же Чаткалдагы мектептердин эле эмес, жалпы системанын көйгөйү. Ошондуктан Жогорку Кеңеш алдыдагы эки айда бул маселе боюнча мыйзам долбоорун кабыл алсак. Жогорку Кеңеш Агартуу министрлиги менен чогуу бул көйгөйгө мыйзам менен чектөө койсок", - деди Улукбек Карыбек уулу.

Депутат Бурун Аманова мектептеги буллинг, чоңсунуу боюнча парламенттин депутаттары 25-сентябрда "тегерек үстөл" иш-чарасын өткөрүүнү пландап жатышканын билдирди. Ага укук коргоо органдарынын, Агартуу министрлигинин жооптуу өкүлдөрү да катышарын маалымдады.

17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шек саналып 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга 17-ноябрга чейин камакка алынган.

18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучуларынан токмок жеп, көз жумган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармаган. Шектүүлөр сот чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган.

Агартуу министрлиги бул окуяларды иликтөө үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен чогуу атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатканын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

БУУ: Жапаров Ысык-Көлдү сактоо үчүн эл аралык трасттык фонд түзүүнү сунуштадыАбактагы Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын бүтүмүнө макул эместигин айттыКыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонунун 37 жылдыгы белгиленүүдөСанкция, согуш жана БУУнун келечеги. Нью-Йоркто лидерлер көтөргөн көйгөйлөр Китеп тартыштыгы боюнча кылмыш иши козголдуМектептеги коопсуздук: Эки окуучу ур-токмоктон каза болду