Казакстанда Каспий деңизиндеги машыгууда тогуз аскер каза болду

Казакстан. Каспий деңизинин жээги. Архив сүрөт.

Казакстандын Коргоо министрлиги 24-сентябрда Маңгыстоо облусунда өткөн Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда тогуз аскер кызматкери каза болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, Каспий деңизинин жээгинде окуу-аскердик тапшырманы аткарып жатканда аба ырайы кескин начарлап, катуу шамал болгондо аскер кызматкерлери деңизге агып кеткен.

Толкун алып кеткендердин жалпы саны 19 аскер экени, алардын тогузу каза болгону ырасталганы маалымдалууда.

Үч аскер куткарылып, алардын бири ооруканага жаткырылды. Калгандарын ииздөө иштери уланууда.

Окуя болгон жерге куткаруучу кызматтар жана атайын техника жөнөтүлгөн. Издөө-куткаруу операциясына Аскер-деңиз күчтөрүнүн бөлүктөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, авиация жана башка тиешелүү түзүмдөр тартылган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Актау гарнизонундагы машыгуу учурунда аскерлер өлүмгө учураган факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары такталары айтылды.

Дагы караңыз

Азия оюндары: Суучул Денис Петрашов күмүш медал алды"Окуу китеби" басма үйү ката менен чыккан китептерге тиешеси жоктугун билдирдиАКШ-Иран: Согушту басуу тууралуу Трамп менен Пезешкиандын эки башка көз карашы "Бийликти күч менен басып алууга" айыпталган саясатчылардын иши сотто каралууда