Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.
“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат президенттин телеграммасында.
24-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлиги Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда 19 аскер кызматкери деңизге чөгүп кеткенин билдирген. Кийинчерээк чөгүп кеткендер 17 адам экенин, алардын 12си каза болгону тастыкталганын, үчөөнү куткарып калууга үлгүрүшкөнүн, экөө изделип жатканын кабарлаган.
Ал эми 25-сентябрдагы маалыматта дайынсыз болгон эки аскер кызматкеринин да сөөгү табылганы, издөө-куткаруу операциясы ушуну менен аяктаганы маалымдалды.
«Бүгүн, 25-сентябрда, саат 09:15 чамасында үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө буга чейин дайынсыз болуп жаткан эки аскер кызматкеринин – сержант Мансур Гумаров менен матрос Мирас Турдыбекулунун сөөгү табылды», – деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.
Ошентип, аскердик окуу-машыгуу учурунда каза болгондордун саны 14 адамга жетти.
Маалыматка караганда, күжүрмөн тапшырманы аткаруу маалында аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөн. Анын кесепетинен аскер кызматкерлери деңизге чөгүп кеткен.
Казакстандын Башкы прокуратурасы аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Каспий деңизиндеги машыгууларда буга чейин да аскерлер каза болгон. 2015-жылы «Борбор-2015» машыгуусунун жүрүшүндө Актау шаарында төрт аскер кызматкери каза тапкан. Анда 52 аскер кызматкери түшкөн алты БТР-80 деңизге чыккан. Катуу шамалдан улам бронетранспортерлор сууга чөгүп кеткен.(ZKo)