Быйыл жыл башынан бери Бишкек шаарында балдар жабыркаган 251 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 бала каза болду. Дагы 275 бала ар кандай жараат алды.
Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Жол кырсыктарынын негизги себеби ылдамдыкты ашыруу, мас абалында унаа айдоо, жол эрежелерин жана жол белгилеринин талаптарын сактабоо болууда.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл январь-июль айларында жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Анын ичинде Чүй облусунда 99, Ош облусунда 75, Ысык-Көлдө 70 кишинин өмүрү кыйылды. Калган облустарда 10-60 адамдан курмандыктар бар.
2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң адам ар кандай жараат алган. (ZKo)