Бишкекте Искусство университетинин жаңы имараты ачылды

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу. 26-сентябрь, 2026

Бишкек шаарында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылды. Ачылыш аземине бүгүн, 26-сентябрда, президент Садыр Жапаров катышып, алдыда билим берүүнүн сапатын жогорулатып, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү милдети турганын белгиледи.

“Бүгүн сиздердин алдыӊыздарда дагы бир чоң милдет турат. Университетке “улуттук” макамы берилгенден кийин билим берүүнүн сапатын дагы жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү, эл аралык байланыштарды кеңейтүү, улуттук маданий мурастарды терең талдоо жана аларды дүйнөлүк коомчулукка жайылтуу боюнча иштерди жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл. Илим менен өнөрдү айкалыштыруу аркылуу улуттук искусствобуз жаңы доорго ишенимдүү кадам таштоосу кажет”, - деди президент.

Жапаровдун айтымында, искусство университетине жаңы заманбап окуу корпусун курууга президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнгөн. Жаңы имараттын жалпы аянты 8 615 чарчы метрди түзөт.

1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлгөндөн кийин окуу жайга 1974-жылы Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган.

2013-жылы окуу жай Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп кайра түзүлгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Өзбекстанда 60тан ашуун окуучу ууланып, ооруканага түштүБилл Гейтс жасалма интеллект "миллиард адамдын өлүмүнө себеп болушу мүмкүндүгүн" айттыИран АКШга Ормуз кысыгын ачуу планын сунуштаганы, Трамп аны четке какканы маалымдалдыБишкек шаарында май алмаштыруучу жайдагы өрт өчүрүлдү