Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары 26-сентябрга караган түн ичинде өлкөнүн бир катар аймактарынын, ошондой эле аннексияланган Крымдын, Кара жана Азов деңиздеринин үстүнөн 645 украин дронун атып түшүргөнүн билдирди.
Белгород облусунда үч муниципалдык объект чабуулга кабылды. Аймактын ыкчам штабынын маалыматына караганда, бир адам каза болуп, дагы үчөө жараат алды. Санково айылындагы ишканага жасалган дрон чабуулунан бир киши окуя болгон жерде мерт кеткен. Грайворон шаарында бир адам жараат алган. Ал эми Сурково айылында автоунаага урулган дрондон жубайлар жабыркады.
Түн ичинде Краснодар крайы да дрон чабуулуна кабылып, бир адам каза болуп, дагы бирөө жараат алды. Жалпысынан канча адамдын өмүрү кыйылганы тактала элек. Аймактын башчысы Вениамин Кондратьев жараат алгандардын абалы оор экенин билдирди.
Дрон соккусунан кийин эки ишканада өрт чыккан. Бирок алардын кайсы объекттер экени расмий түрдө айтылган жок.
Astra басылмасы Иль мунай иштетүүчү заводу күйүп жатканын кабарлады. Бул ишкана буга чейин да бир нече жолу чабуулга кабылган.
Украинанын окуяларга байкоо салган Telegram-каналдары экинчи объект Афип мунай иштетүүчү заводу экенин билдирүүдө.
Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоо мүмкүн болгон жок.
Ростов облусунда беш адам жараат алды. Аймактын башчысы Юрий Слюсардын айтымында, дрондун сыныгы Азов шаарындагы үйгө түшүп, төрт адам, анын ичинде бир бала жабыркаган. Таганрогдо дагы бир киши жараат алган. Алардын бардыгы ооруканага жеткирилди.
Азов шаарында көп кабаттуу турак үй, жеке турак жайлар, өнөр жай объектилери, мектеп, маданият үйү жана автоунаалар зыян тартты. Аймакта жалпысынан 30 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.