Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу майыптыгы бар адамдарга ипотекалык төлөм менен үй сунушталып жатканын сынга алды. Депутат айына 8 миң сомдун тегерегинде жөлөк пул алган майыптыгы бар адам Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үйдү кантип төлөй аларына кызыкты. Карыбек уулу бул маселени парламенттин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин 28-сентябрдагы жыйынында көтөрдү.
Депутаттын суроосуна Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нургазы Атканов жооп берип, учурда ипотекалык батир алууга кезекте 10 221 майыптыгы бар адам турганын билдирди.
"Бизде 4% жеңилдетилген, арзан жана социалдык ипотекалар бар. Социалдык ипотека майыптыгы бар адамдарга же алардын камкорчуларына түзүлгөн келишимдин негизинде берилет. Учурда 10 221 адам кезекте турат. 573 адам алган, төлөп жатышат".
Аткановдун маалыматына караганда, учурда жеңилдетилген ипотекага 57 миң, арзан ипотекага 30 миң адам кезекте турат. Ал эми жалпы ипотека боюнча кезекте 109 583 жаран бар.
Депутат Карыбек уулу майыптыгы бар адамдар үчүн өзүнчө турак жай курууга же башка социалдык колдоого мамлекеттен каражат табылбай жатканына нааразылыгын билдирди.
"Төшөктө жаткан, колу-буту жок адамдарга шылдыңдагансып 4% менен ипотекалык үй сунуштаганыбыз туура эмес. Бишкек мэриясы гектарлаган жерлерди кайсы бир чечимдер үчүн заматта таап берип жатат. Ал эми мындай маселеге келгенде кол куушуруп, 'жок' деп турат. Оюн-зоок иш-чараларын өткөргөндө, унаа сатып алганда каражат табылат. Социалдык жардамга келгенде каражат жок. Эмне үчүн?" - деп суроо койду депутат.
Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын депутатка берген маалыматына караганда, быйыл социалдык буйрутмалар үчүн 115 млн 600 миң сом каралган. Анын ичинде балдарга, майыптыгы бар адамдарга жана гендерлик укуктары бузулган адамдарга каражат бөлүнөт. Социалдык буйрутманын алкагында майыптыгы бар адамдар үчүн өзүнчө каражат каралган эмес.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын 28-сентябрда парламентте билдиргенине караганда, учурда Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт. Анын ичинен 37 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдар. Майыптыгы бар адамдарга берилген жөлөк пулдун көлөмү 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин. (ZKo)