28-сентябрда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү 54 дарегинде курулушу башталган имаратты текшерди. Аталган имаратты “Алтын Строй Групп” курулуш компаниясы куруп баштап, биринчи кабатынын бетону орнотулуп жаткан.
Министр Орунтаев компанияга жер тилкени бир апта ичинде алгачкы калыбына келтирүү тапшырмасын койду.
“Айып пул салып, лицензияңарды жокко чыгардык. Болбой иштеп жатасыңар. Азыр бул жерди алгачкы калыбына алып келесиңер. Жерди көмөсүңөр. Бир жума мөөнөт берилет. Бир жумада көмүлбөсө сизди (Ош шаардык курулушту көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси - ред.) жумуштан алам".
Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, “Алтын Строй Групп” компаниясына 7-апрелде архитектуралык-уруксат берүүчү документтер жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок курулуш жүргүзгөнү үчүн 200 миң сом айып салынган. 22-июнда “курулуш объектисине чектеш тротуарды бузган” деген айып менен дагы 200 миң сом айып пул салган. Аталган мыйзам бузуулардан кийин министрлик компанияны 7-июлда лицензиясынан ажыратып, "кара тизмеге" түшүргөн.
Аталган компаниянын иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн материалдар Ички иштер министрлигине (ИИМ), Ош шаардык прокуратурасына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаарындагы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөнү маалым болду.
2026-жылы Ош облусунда курулуш мыйзамдарын одоно бузганы үчүн 34 компания "кара тизмеге" 90 күнгө киргизилген. Аталган убактытта мыйзам бузуулар калыбына келтирилбесе компаниянын иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилери эскертилген. (NK/ZKo)