Орусия Киевдеги Улуттук илимдер академиясынын имаратына сокку урду

Орусиялык учкучсуз учак 28-сентябрда Киевдин Шевченко районундагы Улуттук илимдер академиясынын имаратына сокку урду. Шаар мэри Виталий Кличко бир аял каза болуп, жараат алгандар бар экенин билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы "Укринформага" орусиялык дрон шаардын борборунда жайгашкан академиянын имаратына түздөн-түз сокку урганын билдирди.

Түтүн каптаган имараттын терезелеринен адамдар качып чыгууга аракет кылып жаткан сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский имарат зыян тартып, өрт чыкканын билдирди. Анын айтымында, куткаруучулар өрттү өчүрүп, ичинде адамдар калган-калбаганын текшерүүнү улантууда.

Зеленский 28-сентябрда Киевдеги фармацевтикалык компания менен май куюучу жайларга, ал эми Днепрдеги бизнес борборго да чабуул жасалганын билдирди. Ал Украинанын башка аймактарында да жарандык объектилерге жана ишканаларга сокку урулганын кошумчалады.

"Орусия мунун баарына жооп бериши керек жана анын кесепетин сезиши зарыл", - деди Зеленский.

Орусия Илимдер академиясына жасалган сокку тууралуу комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Диктор Тамара Жаманбаева каза болдуПрокурор Мавлян Аскарбековду төрт жыл эркинен ажыратууну сурадыКыргызстанда психиатр дарыгерлер жетишсиз болуп жатканы парламентте айтылды Кыргызстанда 52 миңден ашуун адам психиатриялык каттоодо турат