Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Диктор Тамара Жаманбаева каза болду

Тамара Жаманбаева
Тамара Жаманбаева

Белгилүү диктор, Кыргыз эл артисти Тамара Жаманбаева дүйнө салды. Маалыматка ылайык, 83 жаштагы Жаманбаева соңку учурда ооруп жүргөн.

Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. 1959-жылы медициналык окуу жайды, 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин журналистика багыты боюнча аяктаган.

Ал 16 жашында Кыргыз телевидениесине дикторлук кызматка кабыл алынган. Кийин Кыргыз телерадиокомитетинин вице-президенти, «Замана», «Ибарат» студияларынын башкы редактору, Ош облустук телерадиокомитетинин төрайымы сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, телерадионун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон.

Тамара Жаманбаева Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешине да мүчө болгон.

Кыргызстандын акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын апасы эле.

"Азаттык" радиосу маркумдун жакындарынын жана кесиптештеринин кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG