Путин быйыл төртүнчү жолу армиянын санын көбөйткөн жарлыкка кол койду

Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин армиянын штаттык санын дагы 15,5 миңге көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Муну менен армиянын жалпы саны 2,44 миллионго жетсе, анын 1,5 миллиондон ашууну аскер кызматкерлери болот.

Бул Путиндин акыркы жети айда армиянын штаттык санын көбөйтүү боюнча чыгарган төртүнчү жарлыгы. Буга чейин март, июнь жана июль айларында кол коюлуп, орус армиясынын саны жалпысынан 52,5 миңге көбөйгөн.

Мурунку жарлыкка ылайык, 1-августтан тартып Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы курамы 2,43 миллион адамды, анын ичинде 1,54 миллион аскер кызматкерин түзмөк.

Бул Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу баскынчылыгы башталгандан бери Путиндин армиянын санын көбөйтүү боюнча кол койгон жетинчи жарлыгы. Согушка чейин орус армиясынын курамы 1,9 миллион адамды, анын ичинде 1 миллиондон ашуун аскер кызматкерин камтыган. Ошондон бери аскер кызматкерлеринин саны 50% ашык көбөйдү.

Saratoga Foundation уюмунун улук илимий кызматкери Павел Лузин The Insider басылмасына курган маегинде штаттын кеңейтилишин "кагаз жүзүндөгү" чара деп мүнөздөп, бул армиянын катарына иш жүзүндө кошумча 15,5 миң аскер кызматкери кабыл алынды дегенди билдирбей турганын белгиледи.

"Штаттык орундар, биринчи кезекте, реалдуу адамдардын бар экенин эмес, каржылоону билдирет. Аскер жетекчилери курулуш батальондорун кайра жандандырууну же башка түзүмдөрдү уюштурууну чечиши мүмкүн, мындай учурда миңдеген жаңы штаттык орундар кошулат", - деди ал.

Анын айтымында, президенттин жаңы жарлыгы "реалдуу адамдар жөнүндө эмес, каражат жана узак мөөнөттүү кызматтар тууралуу". Эксперттин пикиринде, аскерлер "согушка карабастан, узак мөөнөттүү каржылоонун көбөйтүлүшүн камсыз кылууга умтулууда".

Дагы караңыз

Диктор Тамара Жаманбаева каза болдуОш: Курулуш министри Орунтаев лицензиясы жокко чыккан компанияга бир апта убакыт бердиПрокурор Мавлян Аскарбековду төрт жыл эркинен ажыратууну сурадыКыргызстанда психиатр дарыгерлер жетишсиз болуп жатканы парламентте айтылды Чет элдиктерге жашоого, иштөөгө уруксат берүү, каттоо иши кайрадан Эмгек министрлигине өттү