Өкмөт күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу чараларын талкуулады

Иллюстрация сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү. "Ынтымак ордо" кабарлагандай, учурдагы абал, анын ичинде бензин кору, жеткирүү көлөмү, баа саясаты жана ички рынокту туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды.

Маалыматка караганда, мунай жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидия берүү иши уланат. Келишимдерге жараша бензинге субсидиянын өлчөмү АИ-92 үлгүсүндөгү литрине 17,16 сомдон 30,88 сомго чейин, дизелдик отунга 13,06 сомдон 42,27 сомго чейин, ал эми суюлтулган газга 46 тыйындан 1,40 сомго чейинки сумманы түзөт.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыздоону уюштуруу, жеткирүү көлөмүнө жана корго көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле тартыштыкты алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

28-сентябрда Мунай ташуучулар бирлигинин башчысы Канатбек Эшатов Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын кору 1,5 айга жетерин "Азаттыкка" билдирген.

Мурдараак Reuters агенттиги Орусия август айында Кыргызстанга дизелдин экспортун кескин көбөйткөнүн жазган. Басылманын маалыматына ылайык, июлда 4400 тонна ташылып келинсе, августта 72 миң тоннага өскөн. Бул Орусиядан экспорт 16 эсе көбөйдү дегенди билдирет.

Эшатов бул маалыматты ырастап, болжол менен ташылып келинген көрсөткүч ушунча болорун кошумчалаган.

Августтун башында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдө дизел тартыштыгын болтурбоо үчүн Азербайжан, Түркмөнстан, Ирандан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр улантылып жатканын кошумчалаган жана Орусия менен түзүлгөн келишим боюнча маалымат берген.

Ал Орусия айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май берүүгө макул болгонун, бул эки президенттин сүйлөшүүсү экенин жана келишим түзүлгөнүн белгилеген.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импортточу. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Мындан улам Орусиянын өзүндө кризис пайда болуп, Кремль Батыш өлкөлөрүндө экологиялык талаптарга жооп бербейт жана адамдын ден соолугуна кооптуу деп табылган Евро-2, Евро-3 жана Евро-4 стандартындагы бензинди импорттоого жана сатууга уруксат берди. Орус Энергетика министрлиги бул чара убактылуу экенин жана күйүүчү май рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Путин быйыл төртүнчү жолу армиянын санын көбөйткөн жарлыкка кол койдуОрусия Киевдеги Улуттук илимдер академиясынын имаратына сокку урдуNYT басылмасы Кыргызстан A7 компаниясына санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөнүн жаздыДиктор Тамара Жаманбаева каза болду