30-сентябрдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

30-сентябрга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат.

Күндүз Талас, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +23…+28°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +21…+26°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +23…+28°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +20…+25°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн +2…+7°, күндүз +20…+25°

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +26…+28° болот.

Дагы караңыз

NYT басылмасы Кыргызстан A7 компаниясына санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөнүн жаздыПарламентте сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды тыюу боюнча чаралар талкууланды "Санкцияны айланып өтүү схемасы". Жаңы иликтөөдө Кыргызстан да аталдыСегиз айда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталдыОрунбеков таштанды талаасындагы өрт "чагымчыл аракет болушу мүмкүн" экенин айтты