Бишкектеги боёк цехинде чыккан өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө

Сүрөт соцтармактан алынды. 29-сентябрь, 2026

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 29-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан боёк (малярдык) цехтен өрт чыкканын кабарлады. Өрттү өчүрүүгө саат 16:50дө жалпы алты бөлүм, автошаты жана штаб тартылган.

Өрттүн эмнеден чыкканы жана жабыркагандар бар-жогу азырынча айтылган жок.

Социалдык тармактарда өрт "Аю гранд" соода үйү тараптан чыкканы тууралуу видеолор тарап жатат. ӨКМ толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады. (КЕ)

Дагы караңыз

Тигүү өнөр жайын бирдиктүү салыктан бошотуу сунушталдыБШК: президенттикке талапкерлерди текшерүү мамлекеттик органдар менен чогуу жүргүзүлөтСаясатчы Мавлян Аскарбеков эки жылга соттолдуОрусия Киевдеги окуу жайдын корпусуна, турак үйгө сокку урду. Бир нече киши жабыркады