Жапыкеев президенттикке талапкер болуу ниетин билдирди

Сыймык Жапыкеев. Архив сүрөт.

Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазып, бардык талапкерлерди калыс күрөшүүгө чакырды жана шайлоонун ачык өтөрүнө үмүт кыларын белгиледи.

Жапыкеев президенттикке талапкер болорун жакында журналист Эрнис Кыязовго курган маегинде айтканын, бирок маек БШКнын талаптарына ылайык үгүт башталганда чыгарын белгилеген.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз менен кайрылган жарандар боло элек.

2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда 13-ноябрда токтойт.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.

Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.

Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, саясий иш-чарага 1 млрд 200 млн сом кетет деп эсептелген. Эгерде шайлоо бир эле айлампа менен өтсө, бул сумма азаят.

Алдыдагы өнөктүккө талапкер болуп катышарын азыркы президент Садыр Жапаров алгачкы болуп айтып чыккан. Шайлоого өз талапкерлигин коёрун 24-сентябрда "Азаттыкка" курган маегинде мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев да жарыялады.

Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгына дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен. (КЕ)

Дагы караңыз

Буллинг жана кибербуллинг үчүн жоопкерчилик тууралуу мыйзам коомдук талкууга коюлдуТрамп Коулду барымтадагылар боюнча АКШнын атайын өкүлү кылып дайындоону сунуштадыОккупацияланган аймактардан дагы 14 украиналык бала кайтарылдыBaza: 5 млн евролук Bugatti машинелери Орусияга Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөн