АКШ Ирактагы аскерлерин толук чыгарып кетти

Багдаддын жанындагы Тажи аскер базасынын алдындагы америкалык аскер кызматкерлери.

Иракта калган 2500 америкалык жоокер 30-сентябрда, шаршемби күнү кечке чейин өлкөдөн чыгып кетет. Бул тууралуу чечимди Американын ошол кездеги президенти Жо Байден 2024-жылы кабыл алган.

Пентагон жарыялаган билдирүүдө АКШнын Ирактагы «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы аскердик миссиясы ийгиликтүү аяктаганы айтылат.

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги Ирактын коопсуздук күчтөрү бул топтун жактоочуларына каршы күрөштү улантат деп үмүттөнөрүн да билдирди.

АКШ Багдад менен кызматташууга, ирактык аскерлерди окутууга жана чалгын маалыматтарын бөлүшүүгө убада берди.

Ирак бийлиги аскерлердин чыгарылышын белгилөө үчүн «Эгемендик күндөрү» деп аталган төрт күндүк майрам жарыялады.

«1-октябрь Ирак мамлекети үчүн жаңы багыттын, чет өлкөлүк аскерлерден бошонуунун жана толук улуттук эгемендикке жетүүнүн күнү болот»,-деди өлкөнүн премьер-министри Али аз-Заиди.

2011-жылы Ирактагы согуш аяктагандан кийин америкалык аскерлердин бир бөлүгү «Ислам мамлекети» террордук тобуна жана ага байланышы бар топторго каршы күрөшүү максатында калып калган.

Айрым саясат таануучулар америкалык аскерлердин ооздуктоочу таасири жоголгондо, өлкөдөгү куралдуу топтор, анын ичинде Иран колдогон топтор кайрадан күч алышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясынын алкагында сүйлөп, эгер Багдад өлкөдөгү куралдуу топторду, анын ичинде Иран колдогон кыймылдарды көзөмөлгө ала албаса, Ирак бири-бирине касташкан аймактарга бөлүнүп кетиши мүмкүн экенин эскертти.

  • АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскерлери Иракка 2003-жылы киргизилген. Коалициянын согуштук миссиясы 2021-жылы аяктаган. Бирок АКШ Иракта аскерлерин калтырып, өлкөдө бир катар америкалык аскер базалары жайгашкан.
  • Учурда Түркиянын да Иракта аскерлери бар. Буга чейин Анкара өлкөнүн түндүгүндөгү түрк аскер базасын акырындап Иракка өткөрүп берерин билдирген.

Дагы караңыз

Кыргызстандын токой аянты 33 жылда 506 миң гектарга көбөйдү 1-октябрдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтКыргызстандын эл аралык маанидеги коруктар тизмесин кеңейтүү пландалууда