Кыргызстандагы токойлордун аянты 1993-жылдан тартып 506,3 миң гектарга көбөйгөн. Учурда республика боюнча токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматында айтылат.
Аянтынын 90 пайыздан ашыгы тоолордон турган Кыргызстанда токойлордун үлүшү 6,3% гана түзөт. Учурда токойлорду мурутчан коңуздан сырткары дагы башка үч түрлүү зыянкеч каптап жатканын буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Токойду коргоо, сактоо жана камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эрнист Токтоназаров билдирген.
Кыргызстандагы токой аянты 1 млн 171 миң гектар. Спутник аркылуу дүйнөдөгү токойлорго байкоо салган Global Forest Watch платформасы Кыргызстандагы токой аянттары 2023-жылы 94 гектарга, 2024-жылы 54 гектарга кыскарганын көрсөтөт. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалымытында, 2019-жылдан бери токой аянттары өзгөрүүсүз сакталууда. Бир гектар токой аянтында орточо 300-400дөй бак-дарак өсөт. Бир чоң дарак жылына 100–260 кг кычкылтек бөлүп чыгарат. Бул кеминде эки кишинин бир жылдык кычкылтеги.
Кыргызстандагы токойлордун аянты кескин кыскарган учуру 1990-жылдардын этеги 2000-жылдардын башына туура келет. Ошол кезде өндүрүш токтоп, көмүр казып алуу кескин азайып, элдин колу жукарып токойлордун көбүн курулуш материалына жана отунга туш келди кыя баштаган. Соңку 20 жылда токой аянттарынын көбү кайра калыбына келген. Токойчулар жыл сайын питомниктерде өстүрүлгөн көчөттөрдү кыскарган токой аянттарына тигип келишет. Соңку эки жылда 4000 гектардан ашык жерге көчөт отургузулган. (КЕ)
Дагы караңыз
Шерине