Кыргызстандагы эки психоневрологиялык диспансерде, тактап айтканда Чым-Коргон жана Кызыл-Жар айылдарындагы дарылоо мекемелеринде оор кылмышка айыпталып, бирок психикалык дарылоого муктаж болгон 160 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул мекемелерде оор кылмышка айыпталган адамдар менен катар кадимки бейтаптар да дарыланып жатышат.
«Оор кылмышка айыпталып, соттун чечими менен психикалык дарылоодон өтүп жаткан жарандарга Жаза аткаруу кызматы жооптуу. Биз алардын дарылануусун уюштурабыз. Кадимки жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 200 орундуу психиатриялык оорукана куруу демилгесин көтөргөнбүз», - деди Мамадалиев.
Министрдин орун басары жаңы адистештирилген ооруканада оор кылмышка айыпталгандар психиатриялык дарылоодон өтөрүн кошумчалады.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаевдин депутаттарга берген маалыматына караганда, бул оорукананы курууга 843 млн 919 миң сомдой каражат талап кылынат. Каражат Финансы министрлиги аркылуу этап-этабы менен бөлүнөт.
Психиатриялык ооруканада аялдар менен эркектер өзүнчө жайгаштырылып, дарыланат. Ошондой эле тергөө абагы да каралган. Оорукананын тышкы коопсуздугун ЖАМК камсыздайт, ал эми дарылоо иштерин Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзөт.
Жогорку Кеңеш «Жаза аткаруу жана саламаттык сактоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. (ZKo)
Шерине