Кыргызстандагы Сары-Челек, Беш-Арал, Падыша-Ата жана Ысык-Көл коруктары кирген эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тизмесин кеңейтүү пландалып жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев 30-сентябрда Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзам күчүнө киргенден бери Кыргызстанда геопарктарды түзүү жана суу-саздак жерлерди коргоону уюштуруу боюнча тартип, мыйзамга беш жолу өзгөртүү киргизилген. Жети ченемдик-укуктук акт бекитилип, дагы үчөө толукталууда.
«Кыргызстанда геопарктарды түзүү боюнча токтомдун долбоору даярдалган. Суу-саздак жерлерди коргоону уюштуруу тартиптери да киргизилип жатат», - деди Мусаев.
Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпы аянты 509 миң гектарды түзгөн 10 мамлекеттик жаратылыш коругу бар. Ал эми 13 мамлекеттик жаратылыш паркы 724 миң гектар аянтты ээлейт. Мындан тышкары, 241 миң гектар жерде жайгашкан 64 корукча бар. Ошондой эле 856 миң гектар аянтты камтыган экологиялык коридорлор түзүлгөн.
Өлкөдө жергиликтүү деңгээлдеги алты микрокорук, бир мамлекеттик жаратылыш эстелиги жана бир жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы бар.
Жалпысынан Кыргызстанда 2 млн 361 миң гектар жер өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамын алган. Бул өлкө аймагынын 11,8 пайызын түзөт. (ZKo)
Шерине