Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:53

1-октябрдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Шашылыш билдирүү: 1-2-октябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, ошондой эле ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу бар.

1-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 19…24°
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 17…22°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 19…24°
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°
  • Нарын облусунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 19…24°

Бишкекте түнкүсүн ала булут каптап турат, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° болот.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG