Кыргызстандыктар Беларуста 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат

Минск шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 30-сентябрда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы жарандардын каттоосуна байланыштуу келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Келишимге ылайык, Кыргызстандын жарандары Беларуска барганда 30 күнгө чейин каттоодон өтпөй жүрө алышат. Ушундай эле шарт Беларустан Кыргызстанга келген жарандарга да тиешелүү болот.

30 күндүк мөөнөт өлкөгө кирген күндөн тартып эсептелет. Андан узак убакытка калууну пландаган жаран ошол өлкөнүн мыйзамдарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш.

Келишимге 2025-жылдын 29-сентябрында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Минск шаарына расмий сапары учурунда кол коюлган. Мыйзам долбоору менен президенттин иш башкармалыгынын башкаруучусунун орун басары Талантбек Жунушов тааныштырды. Анын айтымында, келишим эки өлкөн жарандарынын өз ара каттоосун жеңилдетип, экономикалык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш 30-сентябрда кирешеге жана капиталга карата кош салык салууну жоюу боюнча Гонконг менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Кыргызстан Беларус менен Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУ сыяктуу бир катар биримдиктерде чогуу мүчө. (ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Жунушбаева жети айда 900дөн ашуун ымыркай чарчап калганын айтты Трамп жана компания жетекчилери жасалма интеллектти көзөмөлдөө тууралуу келишимге кол коюштуАКШ Ирактагы аскерлерин толук чыгарып кеттиКосмостук атаандаштык. Кыргызстан спутник учурууга камдануудаКыргызстандын эл аралык маанидеги коруктар тизмесин кеңейтүү пландалуудаПсихиатриялык эки диспансерде оор кылмышка айыпталган 160 адам дарыланып жатканы айтылды