Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:05

Трамп жана компания жетекчилери жасалма интеллектти көзөмөлдөө тууралуу келишимге кол коюшту

Ак үйдөгү АКШ президенти Дональд Трамп менен технологиялык компаниялардын жетекчилеринин жолугушуусу. 29-сентябрь, 2026-жыл.
Ак үйдөгү АКШ президенти Дональд Трамп менен технологиялык компаниялардын жетекчилеринин жолугушуусу. 29-сентябрь, 2026-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Ак үйдө жасалма интеллект тармагында иштеген алдыңкы технологиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Ак үйдө жасалма интеллект тармагында иштеген алдыңкы технологиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Анын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

«Ак үйдүн суперинтеллект боюнча келишими: эң алдыңкы моделдер үчүн жоопкерчилик боюнча биргелешкен милдеттенмелер» деп аталган документте «ар бир компания кардарлардын жана коомчулуктун ишенимин бекемдей тургандай кылып, өз технологиясын коопсуз иштеп чыгууга жооптуу» экени айтылат.

Маалыматка караганда, компаниялар өз моделдерин көзөмөлдөй турган ишенимдүү ички жол-жоболорду түзүшү керек. Бул өзгөчө киберкоопсуздукка, биологиялык коопсуздукка жана химиялык коркунучтарга тиешелүү. Ошондой эле компаниялар «моделдер техникалык системаларды бузуп кирбешин жана аларга күтүүсүз түрдө кирүү мүмкүнчүлүгүн албашын» камсыздашы керек.

Келишимде жасалма интеллект моделдеринин мүмкүнчүлүктөрүн көз карандысыз текшерүүчүлөр баалашы каралган. Алар системалар иштеп чыгуучулар ойлогондой иштеп жатабы же жокпу деп баа бериши керек.

Компаниялар системалардын коопсуздугу боюнча бири-бири менен такай кеңешип турууну да макулдашты.

Корпорациялардын жетекчилери келечекте жасалма интеллекттин коопсуздугуна байланыштуу чаралар мамлекеттик деңгээлде бекитилиши мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Документке президент Трамптан тышкары Сундар Пичаи (Google), Дарио Амодеи (Anthropic), Марк Цукерберг (Meta), Грег Брокман (OpenAI), Илон Маск (xAI) жана Женсен Хуанг (NVIDIA) кол коюшту.

Документтин талаптарын аткаруу милдеттүү болбосо да, Трамп аны тармактын конституциясына салыштырды.

Трамп ошондой эле аткаруу бийлигинин расмий документтериндеги «жасалма интеллект» деген терминди «суперинтеллект» деп өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ал «абдан жемиштүү жана жылуу маанайда өттү» деп мүнөздөгөн жолугушууга тармактын жыйырмадай өкүлү катышты.

Ак үйдөгү жолугушуу тармак өкүлдөрү жасалма интеллекттин ыктымал коркунучтары тууралуу эскертип жаткан маалда өттү. Айрыкча адамдар эч кандай буйрук бербесе да, моделдер башка уюмдардын, анын ичинде АКШнын федералдык мекемелеринин интернеттеги системаларына кирип кеткен бир катар окуялар кооптонууну күчөттү.

Дүйшөмбүдө OpenAI компаниясы өз изилдөөчүлөрү коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануусун билдиргенден кийин эң жаңы моделин чыгарууну кийинкиге жылдырганын маалымдады. Айрым адистер моделдер азыркыдай ылдам өркүндөй берсе жана көзөмөл болбосо, жасалма интеллект он жылдын ичинде «адамзатты жок кылышы» мүмкүн деген кооптонуусун да айтышкан. «Майкрософттун» негиздөөчүсү Билл Гейтс жасалма интеллект азыр эле кара ниет адамдын колуна тийсе, маселен, биологиялык курал жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн экенин эскерткен.

Бир катар саясатчылар мамлекеттик деңгээлде чектөө чараларын киргизүүгө чакырып жатышат. Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис мыйзам чыгаруучулар жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча «азыртан чечкиндүү жана жоопкерчиликтүү аракет көрүш керектигин» билдирди.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG