Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева уюшкан кылмыштуу топтордон мамлекетке кайтарылып алынган мүлктөр кызматкерлердин короолорунан табылып жатканы коомчулуктун ишенимине доо кетирип жатканын айтты. Ал бул тууралуу парламентте "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди.
"Кылмыштуу топтордон алынган оокаттарды мамлекеттик кызматта жүргөн адамдар өздөрүңөр бөлүп алып жатасыңар, менчиктештирип алып жатасыңар, ыңгайлуу баа менен сатып алып жатасыңар. Кимде бийлик болсо, ошолор гана пайдаланып жатышат. Муну менен кантип күрөшөсүңөр?" - деди Сурабалдиева.
Депутаттын суроосуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттиктин директору Бексултан Токонов жооп берип, мамлекетке кайтарылган мүлктү кайра менчикке чыгаруу аукциондордо ачык-айкын сатуу үчүн сунуштар жаңы мыйзам долбооруна киргизилгенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда мындай мүлктөр аукционго чейин бир ай агенттиктин сайтында илинип турат. Ал эми стратегиялык объектилер аукционго чейин 90 күн мурда жарыяланат.
"Моюнга алышыбыз керек, тергөөдө объктинин баасы башка болуп, аукционго башка баа менен чыгып калышы мүмкүн. Баалоону жеке компаниялар жүргүзгөндүктөн, биз алардын ишине кийлигише албайбыз, өзү баалаган объектиге өздөрү жооп берет. Мүлктү сатууну уюштуруу биздин агенттиктин компетенциясында," - деди Токонов.
Жогорку Кеңеш 1-октябрдагы отурумунда "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатат.
Кыргызстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топторго тиешелүү болгону айтылган жүздөгөн мүлктөрдү, объектилерди мамлекетке кайтарылганын билдирген.
Кыргызстанда алгач коррупцияга шектелген мурдагы аткаминерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди кармап, камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жүрсө, 2023-жылы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин, криминалга "байланышы бар" делген адамдар, ишкерлерден да "кустуруу" жүрө баштады. Акыркы жылдары УКМК, прокуратура тарабынан "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен жүздөгөн имарат, ишканалар мамлекетке кайтарылганы жарыяланган. Бул эң ириде ишкерлердин нааразылыгын жараткан. Ушундан улам, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар мамлекет ишкерлерге басым жасап, менчик укугу тепселенип жатканын айтып, “1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамын жазышкан. Коомчулукта мамлекетке кайтарылган ишканалар кайра эле бийликтеги бир ууч адамдардын жакындарына "ижарага берилгенине" же болбосо талкаланып, жок болуп баратканына нааразылыктар айтылып келген.
Атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынары менен ага удаа мекеменин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Элдар Жакыпбеков дагы иштен алынып, кармалып, камалган. "Эду" атка конгон Жакыпбеков коррупцияга каршы күрөш деп ишкерлерди текшерүү, камоо, "кустуруу" деген ат менен таанылган иштин башында туруп, мүлкүн, каражатын камакка алуу өңдүү айрым ири операцияларды жетектегени көптөн бери эл арасында айтылып келген. Ага каршы ондогон ишкер арыз жазып, айрымдары "мыйзамсыз" деген негиз менен мамлекетке кайтарылган мүлктөрүн Жакыпбеков менчиктеп алганына даттанышкан.(ZKo)