2021-2026-жылы ишкерлерден 1773 мүлк, мүлктүк комплекстер мамлекетке кайтарылып алынган. Анын 155и конфискацияланса, 1618 мүлк ишкерлердин өз каалоосу менен кайтарылган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору Бексултан Токонов 1-октябрда Жогорку Кеңеште билдирди.
Депутат Мирлан Жээнчороев февраль айында Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагалыгынан бошотулгандан кийин айрым ишкерлер мүлкү "адилетсиз" тартылып алынганын айтып чыгышканын эскертти. Депутат февралдан берки убакта ишкерлер мурда мамлекетке алынган мүлкүн кайтарып алуу үчүн соттошуп жатышкан канча иш бар экенине кызыкты.
Бексултан Токонов ишкерлердин кайрылуусу менен Ош, Жалал-Абад облустарында, Бишкекте сот иштери жүрүп жатканын тастыктап, бирок так санын айта алган жок.
Жогорку Кеңеш 1-октябрдагы отурумунда "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окуудан карап жатат.
Кыргызстанда алгач коррупцияга шектелген мурдагы аткаминерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди кармап, камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жүрсө, 2023-жылы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин, криминалга "байланышы бар" делген адамдар, ишкерлерден да "кустуруу" жүрө баштады. Акыркы жылдары УКМК, прокуратура тарабынан "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен жүздөгөн имарат, ишканалар мамлекетке кайтарылганы жарыяланган.
Бул эң ириде ишкерлердин нааразылыгын жараткан. Ушундан улам, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар мамлекет ишкерлерге басым жасап, менчик укугу тепселенип жатканын айтып, “1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамын жазышкан. Коомчулукта мамлекетке кайтарылган ишканалар кайра эле бийликтеги бир ууч адамдардын жакындарына "ижарага берилгенине" же болбосо талкаланып, жок болуп баратканына нааразылыктар айтылып келген.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл 10-февралда кызматынан алынган. Ошондон кийин ондогон ишкер "мыйзамсыз" деген негиз менен мамлекетке кайтарылган мүлктөрүн кайтарып берүү өтүнүчү менен арыз жазышканы айтылган. (ZKo)