Одессада бизнес-борборго, Киевде кампага сокку урулду

Соккунун кесепети. Одесса. 1-октябрь, 2026-жыл.

Бейшембиге караган түнү Украинага 107 дрон менен чабуул жасалганын, алардын 87си атып түшүрүлгөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди.

Одесса шаарында бизнес-борборго жасалган соккудан бир адам жабыркады. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, бизнес-борбордун эки имаратынын чатыры жана фасады жабыркаган. Жарылуунун толкунунан терезелердин айнектери сынып, бешинчи кабаттын дубалдарынын бир бөлүгү урап, өрт чыккан.

Киевдин Оболон районундагы кампага жасалган чабуулдан дагы бир адам жабыркады. Соломенка районунда 16 кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы жай жана анын жанында токтоп турган унаалар күйгөн.

Киев шаардык аскердик администрациясынын маалыматына караганда, ал жай кафе болгон. Шаар мэри Виталий Кличко дрон мектептин имаратына тийгенин, чабуул учурунда балдар баш калкалоочу жайда болгонун билдирди.

Ошондой эле Изюм шаарына да чабуул жасалып, 20дан ашык жеке турак үй, жеңил унаа жана иштебей турган ишкананын имараттары жабыркаган. Бир адам жараат алган. Шаардык аскердик администрациянын маалыматына караганда, сокку башкарылуучу авиа бомбалар менен урулган.

Дагы караңыз

Үч жылга соттолгон дарыгер Бейшебаева Жогорку сотко даттандыСулайманов: Саясатчылардын көбү "сактануу режимине" өтүштүМолдованын аймагына бир күндө үч дрон кирдиБишкек мэриясы "Мадина" базарындагы өрттөн кийинки чыгым эсептелип бүткөнүн билдирди