Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында жалпы сыйымдуулугу 35 тонналык дизелдик отун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылып, ошол аймактагы жер кыртышына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2-октябрда кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, дизелдик отундун бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына агып, суу булганган.
Экологиялык мониторинг департаментинин адистери булганган жерлерден топурактын жана суунун үлгүсүн алып, тиешелүү лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн жөнөткөнү маалымдалды. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жооптуу юридикалык тарап аныкталганы белгиленди.
Министрлик текшерүүнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилерин жана зарыл болгон учурда келтирилген зыянды өндүрүү максатында сотко доо арыз менен кайрылуу чаралары көрүлөрүн билдирди.
Дизель төгүлгөн суудан үлгү алынып жаткан учур.
Жол кырсыгы 30-сентябрда Бишкек–Ош унаа жолунун 95-чакырымында катталган. Түндүктөн түштүктү көздөй бараткан күйүүчү май ташуучу Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, машина оодарылып кеткен. Натыйжада ал өз жолунда бараткан DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу машинаны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын тең айдоочулары жараат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. (КЕ)