Транспорттук көзөмөл кызматкерлери мамлекетке 16 млн сом зыян келтирген деп шектелүүдө

Башкы прокуратуранын имараты.

Транспорттук көзөмөл кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл жана Нарын аймактык башкармалыктарында текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 2025-2026-жылдары чет өлкөлүк жүк ташуучу унааларга тиешелүү жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары боюнча айып пулдар мыйзам талаптарын одоно бузуу менен салынганы аныкталган.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпысынан 16 миллион 29 миң сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектелип жаткан адамдар жана алардын жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

2025-жылдан тартып өлкөдө коррупцияга каршы мыйзамдар катаалдатылган. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, "Коррупция" беренеси менен соттолгондордун мамлекеттик кызматта иштөөсүнө өмүр бою тыюу салынат. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча айыпталгандар тергөө менен кызматташып, күнөөсүн мойнуна алып жана келтирилген зыянды толугу менен төлөп берген күндө да мыйзамда каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Мындай учурларда пробациялык жаза колдонулбайт.(КЕ)

Дагы караңыз

Орусия Киевдин Түштүк көпүрөсүнө бир суткада үч жолу чабуул жасадыУкраина согушта биринчи жолу "Пеликан" баллистикалык ракетасын колдондуЖайылда күйүүчү май ташыган автоцистерна оодарылып, Кара-Балта дарыясы булгандыАКШ Кыргызстанга байланышы бар делген A7 каржы тармагына санкция салды