3-октябрга караган түнү Орусия Украинага 157 сокку уруучу дрон менен чабуул койду. Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, абадан коргонуу күчтөрү алардын 131ин атып түшүрдү же багытынан адаштырды. Ошентсе да 12 жерге сокку урулуп, дагы беш жерге дрон сыныктары кулады.
Киев облусундагы Гостомел кыштагында орусиялык соккудан төрт адам жабыркады. Алардын арасында сегиз жаштагы кыз бар. 66 жаштагы жергиликтүү тургун күйүк алып, ооруканага жеткирилди. Дагы эки адам жеңил жараат алды. Ошондой эле Буча районундагы эки кампада өрт чыкты.
Днепр шаарында көп кабаттуу үйгө сокку урулуп, төрт аял жабыркады. Өрт чыккан имараттан бир нече адам эвакуацияланды.
Киевде дрон чабуулунан Түндүк көпүрөнүн жол катмары жабыркады. Көпүрө аркылуу сол жээктен оң жээкке өтүү убактылуу токтотулду. Буга чейин Түштүк көпүрө да бир нече жолу соккуга кабылган. Днепр дарыясы аркылуу өткөн бир катар көпүрөлөргө чектөө киргизилип, шаарда ири тыгындар жаралды.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 3-октябрга караган түнү өлкөнүн 13 аймагына жана аннексияланган Крымга жалпысынан 218 дрон чабуул жасаганын билдирди.
Калуга облусунун губернатору Владислав Шапша дрон чабуулдарынан көп кабаттуу жана жеке турак үйлөргө зыян келгенин маалымдады. Анын айтымында, жеңил жараат алган адамдар бар.
Орусиянын Коргоо министрлиги ошондой эле Киевдеги Түндүк көпүрөгө, Киев облусундагы Гостомел логистикалык борборуна жана Кара деңиздеги жүк ташуучу кемеге сокку урулганын билдирди.
Украин бийлиги бул маалыматтар боюнча азырынча өзүнчө комментарий бере элек.