7-октябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында жаан-чачын болуп, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 1…6°, күндүз 16…21°
- Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 1…6°, күндүз 14…19°
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°
- Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°
- Нарын облусунда: түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17°
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 18…20° болот.