6-октябрь күнү Бишкек шаарында төрт, Ош шаарында бир, Манас шаарында бир жаңы мектептин ачылышы болду. Мындан тышкары 11 мектептин кошумча имараттарынын курулуштары бүтүрүлүп, пайдаланууга берилди.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун Фейсбукка жазганына караганда, дагы үч бала бакча ачылды.
Жапы 20 билим берүү мекемелери 6-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусу менен ачылды.
Орунбеков постунда мектептерде заманбап инженердик жана конструктивдик чечимдер колдонулуп, жылытуу, желдетүү, суу жана электр системасы менен толук камсыздалганын белгиледи.
"Окуу класстарында ысык жана муздак суу, заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулган. Ошондой эле мектептерде күн панелдери, лифттер, спорт залдары, медициналык жана стоматологиялык кабинеттер, лабораториялык жана компьютердик класстар каралып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлгөн", - деп жазды ал.
Агартуу министрлиги быйылкы жаңы окуу жылында республикалык бюджеттин эсебинен салынып жаткан 28 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилерин билдирген.
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар депутаттар менен чогуу Лейлектеги авариялык абалдагы, балдар эки нөөмөт менен окуп жактан мектептерге барып келген.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда өлкөдө 1,5 миллион окуучу 2374 мектепте окуйт. Мугалимдердин жалпы саны 97 миңдей. (ZKo)