Орусиядагы кара тумоо тууралуу маалыматтан улам Өзбекстан да чек ара көзөмөлүн күчөттү

Өзбекстандык чек арачылар. архив

Бишкек менен Астанага удаа эле Ташкент да Орусиянын Иркутск облусунда 28 жаштагы илимий кызматкердин өлүмүнө байланыштуу чек арасындагы санитардык көзөмөлдү күчөтүп, тиешелүү кызматтардын даярдыгын жогорулатты. Бул тууралуу Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык жана коомдук саламаттык комитети билдирди.

Комитет учурда Орусиянын компетенттүү органдарынын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий маалыматтарынын негизинде кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

"Тактап айтканда, диагноздун лабораториялык жактан тастыкталганы, инфекциянын ыктымал булагы жана жугуу жолдору, бейтаптын жүргөн жерлери, ошондой эле ал байланышта болгон адамдар тууралуу маалыматтар талданууда", - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Бул чаралар кара тумоо (чума) инфекциясынын Өзбекстанга кирип кетишинин жана андан ары жайылышын алдын алууга багытталганы белгиленди.

Өзбекстандын Орусия менен түз чек арасы жок. Эки өлкөнүн ортосунда Казакстан жайгашкан.

Буга чейин Казакстан менен Кыргызстан да алдын алуу чараларын күчөтүп, мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекеттерде санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөткөн.

2-октябрга караган түнү Орусиянын Иркутск облусундагы Шелехов шаарында кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун 28 жаштагы кызматкери Дарья Шипилова каза болгон. Андан кийин бийлик аны менен байланышта болгон 200гө жакын адамды изоляцияга алган. Шипилова өлүмүнөн бир нече күн мурун дарыланган ооруканада да карантиндик чектөөлөр киргизилген.

Маалымат каражаттарында жана Telegram-каналдарда Шипилова кара тумоо жуктуруп алганы жана институттун лабораториясында авария болгону тууралуу версиялар тараган. Роспотребнадзор бул маалыматтарды четке каккан.

Мекеме Шипилова "этиологиясы аныкталбаган пневмониядан" каза болгонун, анын кесиптик ишмердигине байланыштуу микроорганизмдер аныкталбаганын жана институтта патогендер менен иштөө учурунда өзгөчө кырдаал болбогонун билдирген.

Кызматкердин өлүмүнөн кийин Иркутск шаарындагы бир нече ооруканада карантин киргизилген.

Дагы караңыз

Сочинин жээгинде мунай ташыган танкер өрттөндүБишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө жыл аягына чейин тыюу салындыМурдагы министр Нурлан Сулайманов жемкорлукка айыпталып кармалдыСаясатчылардын соту: Султанбековго тогуз, Атамбаевге жети жарым жыл суралды Депутаттын талаштуу сунушу, он миңдеген кишинин талабы