Быйыл 9 айда бюджеттин кирешеси 608 млрд сомду түздү

Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешме.

2026-жылдын 9 айында республикалык бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго же 103,9% аткарылды. Мамлекеттик салык кызматы 259,8 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматы 139 млрд сом чогултту.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-октябрда аппараттык кеңешмеде айтканын “Ынтымак ордо” билдирди.

Өкмөт башчы андан тышкары Кыргызстанга чет элдик түз инвестициялардын агымы быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 709,9 млн долларды түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 26,2% өскөнүн кошумчалады.

Адылбек Касымалиев Улуттук инвестиция агенттиги чет элдик түз инвестицияларды тартуу боюнча ишти күчөтүшү керектигин айтты. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Бекешев сексуалдык кылмыштарга жазаны жеңилдетүүгө каршы пикирин билдирдиДепутат Абдибаева мандатын тапшыруусун талап кылгандар боюнча УКМКга кайрыларын айттыСпикер Маматалиев парламентке айтылган сынга жооп бердиЖК кийинки аптада кымбатчылык, Бишкектеги ыш маселесин талкуулайтОрусиядагы кара тумоо тууралуу маалыматтан улам Өзбекстан да чек ара көзөмөлүн күчөттүСочинин жээгинде мунай ташыган танкер өрттөндүБишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө жыл аягына чейин тыюу салынды