Орусияда үч кыргыз жараны адам уурдоого байланыштуу кармалды

Москва. Кызыл аянт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда адам уурдоого байланыштуу Кыргызстандын үч жараны кармалганын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, окуя 5-октябрда Москва шаарында болгон. Ага катышы бар деген Кыргызстандын үч жараны кармалып, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Ур-токмокко кабылган адам да Кыргызстандын жараны экени аныкталып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Буга чейин социалдык тармактарда топ адам бир кишини сабап, күч менен машиненин багажына салып жатканы тартылган видео тараган. Айрымдар алар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан.

Жалпысынан Орусияда 376 миңдей кыргызстандык мигрант расмий каттоодо турат. (BTo)

Дагы караңыз

Химия боюнча Нобел сыйлыгы Анри Каган менен Кэнсо Соаиге ыйгарылдыУкраина: Прилуки шаарына соккунун курмандыктары 20га жетти Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө жыл аягына чейин тыюу салындыОрусияга иштегени кетип, армияга тартылган казак жарандарынын ата-энелери ТИМге барышты Спикер Маматалиев парламентке айтылган сынга жооп бердиУлуттук банк 1 млн сомдон ашык валюта алмаштырган кардарды текшерүү талабын киргиздиЭрулан Көкүлов депутаттардын көбү ЖКга акча, тааныш менен келгенин айтты