Эрмек Эрматовго тагылган берене өзгөрүп, бир жылдык пробация менен абактан чыкты. Кубанычбек Кадыров толук акталды. Иш боюнча айыпталып жаткан Казакстандын эки жаранынын бири Абдурахим Абдрахманов сегиз жылга эркинен ажыратылды. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, сот анын кыргыз жарандыгы бардыгын, ал буга чейин Аламүдүн райондук сотунда алдамчылык беренеси боюнча соттолгонун белгилеп, жалпы сегиз жылга кести. Экинчи казак жараны Серикбай Кабыланбек жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөгөн деп табылып, мекенине депортацияланат.
"Мыйзам чегинде күрөштү улантабыз"
Мурдагы сот отурумунда прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын көбүн 7,5 жылдан эркиндигинен ажыратууну сураган эле.
Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков соттун чечиминде күмөндүү жагдайлар көп экенин айтты.
"Мындай чечим чыгарын күткөн эмеспиз. Сот башынан эле түшүнүксүз болду. Балама баш-аягы жети жыл берди. СДПКнын активдүү мүчөлөрү айтып атышат, коомдук угуу кылалы деп атышат. Ачык сот болбогондуктан ар кандай суроолор пайда болуп атат. Биз бул чечим менен макул эмеспиз. Мындан кийин шаардык сот бар. Ага сөзсүз кайрылабыз. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин мыйзам чегинде күрөштү улантабыз. Шаардык сот оң чечим чыгарбаса Жогорку сотко кайрылабыз. Документтердин баарын даярдап туруп эл аралык сотторго да кайрылабыз", - деди Медетбек Султанбеков.
"Социал-демократтардан" башталган саясий жол
28 жаштагы Темирлан Султанбеков кыргыз саясатына жаш кезинен аралашып, активдүү ишмердик жүргүзгөн фигуралардын бири. Ал 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Атамбаев тирешип жаткан учурда саясий аренага келип, кийин бул тирештин арты менен экиге бөлүнгөн “Социал-демократтар” партиясын жетектеп калды.
Коомчулук Султанбековду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге өтө берилген, аны жактаган тарапташы катары тааныйт. Мындай шарт ал үчүн бир жагынан саясатка батыл аралашканга мүмкүнчүлүк болсо, экинчи жагынан Атамбаевдин катачылыктары үчүн жоопкерчилик алууга туура келди.
Буга албетте, Султанбековдун Атамбаевдин үй-бүлөсү менен жакын жүргөнү дагы себеп. 2010-жылы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кийин 2018-2019-жылдары "Атамбаевсиз КСДП" кыймылын түзгөн Сагынбек Абдрахманов жаштар чоң саясатчылардын курмандыгы болуп калууда деген ойдо:
Сагынбек Абдрахманов
“Темирлан өзү аябагандай билимдүү, мыкты, келечеги бар, кыйын саясатчылардын бири болот деген ойдо болгом. Эми бул баланын тагдырына Атамбаев тарабынан балта чабылып жатат деп ойлойм. Өзү эми качып кетти", - деди ал.
Мурдагы депутат, саясатчы Сайдулла Нышанов мындай пикири менен бөлүштү:
Сайдулла Нышанов
"Мен бул жигитти мындан беш-алты жыл мурун билип калдым. Анын аң-сезими 50-60 жаштагы саясатчылардай, анализи күчтүү, кыргыздын мыкты жигиттеринин бири. Мен акыркы видеоматериалдары боюнча укуктук жактан кандай баа берилет, аны айта албайм. Көбүрөөк жаза мөөнөтү бул бала үчүн катуу сокку болуп калат. Бул жолу болбосо да, кийинки соттук жүрүштөрдө биздин жетекчилер да ырайымдуулук кылат го дейм”.
Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков. 15-январь, 2026-жыл. Биринчи май райондук соту.
Султанбековдун саясаттагы активдүү жолу 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодон башталды. Шайлоого партиядан негизги талапкерлердин бири катары катышып, теледебаттарда өлкөгө таанылган, белгилүү саясий ишмерлерге курч суроо берип, алардын сөзгө жыкканы менен оозго алынган.
Ал учурда Темирлан Султанбеков 22 гана жашта эле. Ошондуктан анын аракеттерин жаш баланын жоругу катары карап, аны Атамбаевге байланыштуу суроолор менен кагып-силкип, көп деле теңсинишкен эмес.
2020-жылы 4-октябрдагы шайлоодон соң алгачкы нааразылык акциясын баштагандардын бири Султанбеков болгон. Шайлоодон кийин дароо Ак үйдүн алдына нааразылыкка чыккан социал-демократтарга башка күчтөр да кошулуп, Октябрь окуясындагы бийликтин алмашуусуна алып келди. Ал башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тарапкерлери абактан бошоткон.
9-октябрда алар Бишкекте өткөн митингге катышып, ал жаңжал менен аяктаган. Ошондон кийин "Массалык башаламандыктарды уюштуруу" беренеси менен бир нече киши айыпталып, арасында 22 жаштагы Султанбеков дагы камакка алынган. Ал өзүнүн кармалышын мыйзамсыз деп эсептеп, каршылык көрсөтүү максатында ачкачылык жарыялап, абактан кат жазган.
Аны бошотуу керектигин бир топ саясатчылар айтып чыгып, бийликке кайрылышкан. Кийин үй камагына чыкты. Султанбековдун камалышы “жаштар саясатчылардын куралына айланды” деген талкууларга дагы себеп болду.
"Репутациясы күмөндүү адамдар курчап алган"
Жаш саясатчы болсо ошол убакта президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болуп жаңы эле бекиген Садыр Жапаровго кайрылып, “сизди репутациясы күмөн санаткан адамдар курчап алышты” деп, өзүн кеңешчиликке сунуштаган. Анын Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган кайрылуусуна расмий жооп болгон эмес.
2021-жылы февралда Социал демократтар лидерин алмаштырып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев партиянын төрагалыгын Темирлан Султанбековго өткөрүп берген.
Бул 23 жаштагы жигит саясий партиянын лидерлигине келген Кыргызстандагы биринчи учур болуп калды. Бирок айрым саясий серепчилер ушуну менен бул партия өзүнчө күч катары саясат тааласынан кетиши мүмкүндүгүн дагы айтышкан. Темирландын тушунда партия бийликке оппозицияга айланды.
Ал ошол маалдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго да ачуу сындарды айтып, ага каршы Башкы прокуратурага арыз жазып, анын аялына таандык делген фирмалардын төккөн салыгын текшерүүнү өтүнгөн.
Андан кийин Социал-демократтар партиясы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны боюнча билдирүү жасап, өлкө жетекчисине кайрылган. Партия лидери Султанбеков атайын кызматтын төрагасы кызмат абалынан аша чаап, бир катар мыйзамдарды бузган деп айыптаган. Ташиев ошол маалда маалымат жыйынын өткөрүп, анда мамлекетти башкарып жаткандарды далилсиз жамандагандар кайсы бир күнү жоопко тартыларын эскерткен эле.
2021-жылдагы парламенттик шайлоого Султанбеков партия лидери болгону менен талапкер болуп катталууга жашы жетпей, катышпай калган. Шайлоо мыйзамдарында Жогорку Кеңешке 25 жаштан жогорку курактагы жарандар депутат болуп шайлана алат деген талап болгон.
2022-жылы июнда Султанбеков Октябрь окуясында козголгон кылмыш иши боюнча соттон акталган. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон жети кишинин баарын актаган.
Көп өтпөй ушул эле жылы ноябрда “Социнтерн” эл аралык уюмунун вице-президенти болуп шайланганын жарыялаган. Саясатка активдүү аралашып, өлкөдөгү талкуу жараткан окуялардын баарында билдирүүлөрдү жасап турган. Айталы, мамлекеттик тууну өзгөртүу тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.
2024-жылы ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Султанбеков “Социал-демократтар” партиясын баштап чыгып, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого активдүү катышкан. Бирок добуш берүүгө чейин эле партия шайлоодон четтетилген.
13-ноябрда Социал-демократтар партиясынын Бишкек шаарындагы кеңсесинде укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү маалым болгон.
Султанбеков Инстаграмдагы баракчасында тинтүүнүн жүрүшүн сырттан тартып көрсөтүп, муну "саясий басым" катары баалап, өлкө жетекчилерине кайрылганы соцтармактарга тараган.
Мунун алдында социалдык тармактарда социал-демократтар Карамушкина жана Чолпонбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген видео тараган. Анда шайлоо иштеринин жүрүшү жана үгүтчүлөргө бөлүнө турган каражат тууралуу сүйлөшүп жатканы угулат. Аудио жазуу качан, кайда жаздырылганы жана аны ким жарыялаганы айтылган эмес. Кийин шаардык милиция видео боюнча “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, териштирүү баштаган. Ушундан улам кеңселери тинтилгени белгилүү болуп, Султанбеков баштаган бир нече киши сурак бере баштаган.
Бир нече саатка созулган сурактан соң алар коё берилген. Андан кийин Султанбековду атасы менен чогуу кайрадан кармап кетишкени айтылып, кийин атасы бошотулган.
Аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетип, буга чейин дагы эскертүүлөр берилгенин айтып чыкты. Партиянын лидери Темирлан Султанбеков, Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камакка алынган.
Абакта жаткан учурунда Султанбеков акыйкаттыкы талап кылып ачкачылык кармаган. Анын ден соолугуна кабатырланган билдирүулөр улам жасалып, эркин басылмалар тынбай жазып турушту. 72 күнгө созулган ачкачылыктан кийин Султанбеков Бишкек шаардык милициясында кыска мөөнөткө эс-учун жоготкону маалым болгон.
Ушундан кийин Султанбековдун ата-энеси жана жакындары анын эркине каршы ачкачылыктан чыгаруу чечимин кабыл алышып, дарыгерлер ага тамчылатма дары куюшкан. Ал ачкачылык кармап жатканын “мыйзамсыз иштерге каршылык” деп түшүндүргөн. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын билдиришкен. Ошентип Темирлан Султанбеков кармалган күндөн тартып нааразылык катары саясий ачкачылык кармап, 100 күндөн кийин токтотту.
2025-жылдын апрелинде райондук сот бул иш боюнча Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксеверди күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан чыкты. Сот үчөөнүн тең мүлкүн конфискациялап, жабырлануучу катары өтүп жаткан эки жаранга 13 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирген. Султанбеков мындай чечимге макул эместигин, аны кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирген эле. Бирок Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. Алдыда парламенттик шайлоо келаткан.
Камактан чыккан соң Султанбеков бийликтин дарегине сын-пикирлер токтоткон жок.
Жапырт кармалган саясатчыларга козголгон иштин чоо-жайы
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.
Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.
Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган. Айыпталуучулардын калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.
Адвокат Асел Аргымбаева Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөнүн билдирген.