Ашхабадда кыргыз-түркмөн кызматташтыгы талкууланды

Садыр Жапаров жана Сердар Бердымухамедов. 8-октябрь, 2026-жыл.

Президент Садыр Жапаров 8-октябрда Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланганы маалымдалды.

Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Садыр Жапаров 8-октябрда иш сапары менен Түркмөнстанга барган. Сапардын алкагында ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына да катышты.(ZKo)

Дагы караңыз

Орунтаев "Бишкек аренанын" курулуш наркы дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин айттыОш–Манас жолун төрт тилке кылып кеңейтүү пландалуудаУкраина бир суткада каза болгон ондогон жараны арасында балдар да бар экенин кабарладыСаясатчылардын соту: Султанбеков жети, Атамбаев төрт жылга кесилди