Аутизмдин эмдөөгө байланышы жоктугу аныкталганы айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Миллиондон ашык баланын маалыматтарын камтыган ири изилдөөлөр эмдөө менен аутизмдин ортосунда байланыш бар экенин тастыктаган жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) вакцина менен алдын алуучу оорулар жана эмдөө боюнча адиси Жанара Бекенова «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, миллиондон ашык баланын маалыматы талданган бир катар ири изилдөөлөр эмдөө менен аутизмдин ортосунда эч кандай байланыш жок экенин көрсөткөн.

«Мисалы, Данияда жүргүзүлгөн масштабдуу изилдөөдө 20 жылдан ашуун убакыт аралыгында миллиондон ашык баланын маалыматтары талданган. Анда вакциналардын курамындагы алюминийдин аутизм спектринин бузулушу, гиперактивдүүлүк синдрому, ошондой эле аутоиммундук жана атопиялык аллергиялык оорулар менен байланышы аныкталган эмес. Ошондуктан эмдөө аутизмдин себеби эмес деп ишенимдүү айта алам», - деди ДСУ өкүлү.

Жанара Бекенова эмдөө жугуштуу оорулардын, майыптыктын жана өлүмдүн алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, ата-энелер баласын эмдетер алдында вакцинанын коопсуздугу, зарылдыгы жана мүмкүн болуучу таасирлери тууралуу суроо бергени табигый көрүнүш.

Бирок мындай суроолорго жооп ушак-айыңга же коркунучка эмес, илимий маалыматтарга жана далилдүү медицинанын принциптерине негизделиши керек экенин кошумчалады.

Бекенованын айтымында, вакцинаны иштеп чыгуудан тартып колдонууга киргизүүгө чейинки процесс бир нече жылга созулат. Адатта бул мөөнөт 10-15 жылды түзөт. Каттоодон мурун вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу лабораториялык жана клиникалык изилдөөлөр аркылуу текшерилет.

Ошондой эле ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдар сатып алган вакциналарга ДСУ кошумча көзөмөл жүргүзөрүн айтты. Адистер вакцинанын өзүн эле эмес, анын өндүрүш процессин жана сапатты көзөмөлдөө системасын да баалашат. Вакцина колдонууга киргизилгенден кийин да анын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүлүп турат.

Кыргызстанда айрым ата-энелер диний көз карашынан улам, башкалары «вакцина аутизм сыяктуу ооруларды пайда кылат» деген кооптонуудан улам балдарын эмдетүүдөн баш тартышат. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөдөн баш тартуу коркунучтуу жугуштуу оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн экенин эскертип келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Орунтаев "Бишкек аренанын" курулуш наркы дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин айттыАдабият боюнча Нобел сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылды"Коррупция" беренеси менен айып тагылган мурдагы транспорт министри Сулайманов эркиндикке чыктыБир аптада сасык тумоо менен 5,6 миңден ашык бейтап катталды