Кыргызстанда 26-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта сасык тумоологон 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4,2 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда.
Учурда өлкө боюнча сасык тумоого каршы эмдөө кампаниясы жүрүп жатат. Вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан өткөн жарандарга, кош бойлуу аялдарга, көп ооруй турган балдарга жана медицина кызматкерлерине сунушталат.
Эмдөөнү Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз алууга болот. Ошондой эле Бишкектеги бир катар жеке медициналык мекемелерде акы төлөнүүчү эмдөө жүргүзүлүүдө. Бир дозанын баасы 850 сомдон башталат.
Былтыр Кыргызстанда сасык тумоо күч алуусунан улам бала бакчалар карантинге жабылып, мектептер онлайн окууга өткөн. Эпидемиологдор ошондо өлкөдө сасык тумоонун А түрү же Гонконг тумоосу (H3N2) катталганын билдиришкен. (ZKo)
Шерине